«Ата Мекен» «Белизгейт» боюнча Сегизбаевди парламентке чакырууну талап кылды

Дата: 09:45, 19-09-2018.

Бишкек. 19 - сентябрь. КирТАГ – Альбина Метерова. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Белизден алынган документтер деп айткан Сегизбаевдин маалыматын текшерүү жана териштирүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өкүлү менен кошо Сегизбаевдин өзүн парламентке чакырууну талап кылды.

«Мурун Абдил Сегизбаев(экс-председатель УКМКнын мурунку жетекчиси – КирТАГ ) Белизден «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарына тиешелүү документтер келгендигини бир канча жолу жарыялаган. Маселеге объективдүү карайтурган убакыт келди. Бул жерде парламентке мамлекетке болгон сый жөнүндө сөз болуп жатат. Биз УКМК жана мурунку жетекчи Сегизбаевдин түшүндүрмөсүн угушубуз керек», - деди депутат Шыкмаматов.

Аны кесиптеши Каныбек Иманалиев да колдоого алып, убагында КТРК Абдил Сегизбаевдин маалыматы менен депутататтарды каралагандыгын айтты.

«Сегизбаевдин сөзүн негиз алып Коомдук канал үч кун атамекенчилерди каралап жатып калган. Мына эми объективдүү көрсөтмө берсин. Мындан тышкары камакта жаткан саясатчылар жана саясаттанг кеткендер үчүн мурунку президентин аракетине да баар берилиши керек», - деп кошумчалады Иманалиев.

Эскек салсак, Абдил Сегизбаев УКМКны жетектеп турганда ( 2017-жыл 14-ноябрь) президент Алмазбек Атамбаевга Белизден (Борбордук Америка) “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова "Мегаком" деген аталыш менен белгилүү “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.

Поделиться новостью: