Армениянын премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти

Дата: 08:52, 17-10-2018.

Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ – Армениянын премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти. Бул тууралуу ВВС маалымдады.
Пашинян өлкөдө парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн кызматын тапшырган.

Пашинян телеканалдан түз эфирде элге кайрылды.

«Мурда мен убада бергендей, бүгүн мен Армениянын премьер-министрлигинен кетем. Бул отставканын максаты, премьерлик кызматтан кетүү эмес, жоопкерчиликтен качуу эмес, тескерисинче тынч жол менен элге толук бийлик кайтаруу болуп саналат», - деди Пашинян.

Белгилей кетсе, премьердин отставкасынан кийин 15 күндүн ичинде Улуттук Жыйын өкмөттүн жаңы башчысын жыйында эки ирет аракет кылып шайлай албаса, тарайт да жаңы шайлоо дайындалат. Парламент таратылгандан 30 күндөн эрте, 45 күндөн кеч эмес убакытта кайра шайлоо өтүшү керек болот.



Поделиться новостью: