Ардактуу темир жолчу Баттал Азиев көз жумду

Дата: 15:57, 19-07-2019.

Ардактуу темир жолчу Баттал Азиев 85 жаш курагында каза болду. Ал темир жол тармагында дээрлдик 42 жыл эмгектенген.

Кыргызстандын темир жол байланышы системасындагы көп жылдык талыкпас эмгеги жана ийгиликтери үчүн Ардактуу темир жолчу наамы берилген.

Маркум эртең, 20-июлда саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Пишпек кичи районунда акыркы сапарга узатылат.

Поделиться новостью: