Алты жашар баланын сөөгүн табуу үчүн Чүй каналынын суусу сордурулдду

Дата: 09:18, 18-07-2018.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Айыл чарба өнөр-жай жана мелиорация министрлиги алты жашар баланын сөөгүн табуу  үчүн Чүй каналынын суусу сордурду. Бул тууралуу  ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба министрлиги менен ӨКМ каналдагы сууну сордуруу туурадуу макулдашууга жетишкен . Канал суудан бошотулуп, чөгүп кеткен алты жаштагы баланын сөөгүн издөө улантылууда.

Каналдагы суу түнү менен азайтылып, эрте мененки саат 7-00дө издөө иштери башталган.

Өспүрүмдүн сөөгүн табууга 70 куткаруучу табылган.

Эске салсак, 13-июлда Чүй каналына 6 жаштагы бала чөгүп  кеткен.


Поделиться новостью: