Алты прокурор кызматынан кол жууду

Дата: 10:07, 19-02-2020.

Бишкек. 19 - февраль. КирТАГ – Кызматтык талаптарды бузгандыгы үчүн алты прокурор кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылы эмгек жана аткаруу тартибин бузгандыгы үчүн 245 прокурор-тергөөчү дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Башкы прокуратуранын аймактык бөлүмдөрүндө 34 жолу күтүүсүз текшерүү жүргүзүлгөн. Кесиптик этика боюнча 12 материал каралган. Этика боюнча 3 кызматкерге эскертүү берилген. Бир прокурор көпчүлүк алдында кечирим сураган.

Поделиться новостью: