Алмаз Бакетаев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды
Дата: 17:21, 15-08-2018.
Бишкек. 15 - август. КирТАГ - Алмаз Бакетаев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын жаңы шайланган мэри Азиз Суракматовдун токтому менен Алмаз Бакетаев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды.
Турак-жай жана коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэрликке Рыспек Сарпашев дайындалды.
Мэриянын аппаратын убактылуу Балбак Тулөбаев жетектемей болду.