Алматы – Бишкек жолунда үч унаа кагышып, 5 киши каза болду

Дата: 10:37, 18-05-2018.

Бишкек. 18 - май. КирТАГ –Алматы - Бишкек жолунда үч унаа кагышып, беш киши каза тапты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар Алмата облусунун ички департамент башкармалыгынан шилтеме берүү менен жазышууда.

Маалыматка караганда, авария 16-май күнү саат 8:00 чамасында болгон. Mercedes, SsangYong менен Iveco жүк унаасы кагышып, беш киши мерт кеткен, төрт киши ооруканага түшкөн. Жабыркагандар жана каза тапкандар Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан Караганда облусунун тургундары болгон. Iveco айдоочусу жана жүргүнчүлөрү Кыргызстандын жарандары экенин аныкталган.
.

Алмата облусттук департаментинин басма сөз кызматы кырсык болгонун тастыктады. Керектүү экспертиза иштери жүргүзүлүүдө. Соттук териштирүү облусттук башкармалыкка өткөрүлүп берилди.

Поделиться новостью: