Алматада кармалган экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу дагы эки айга камакта калтырылды

Дата: 13:06, 15-08-2018.

Бишкек. 15 - август. КирТАГ – Алматада кармалган Кыргызстандык экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу дагы эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Алмата райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

«Алматанын райондор аралык соту Дамирбек Асылбек уулунун баш коргоо чарасын карап чыгып, эки айга камакта калтыруу (15-октябрга чейин) чечимин кабыл алды», - деп маалымдады басма сөз кызмат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюро менен биргеликте атайын операция өткөргөн. Иш-чаранын алкагында бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун сегиз мүчөсү жок кылынып, кармалгандардын ичинде Кыргызстандын үч жараны бар экени аныкталган. Алардын арасындагы ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу болгондугун билдирген. Казакстандын коопсуздук кызматы кыргыз депутатында Казакстандын жарандыгы болгондугун маалымдаган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Казакстандын органдарына анын кош жарандуулугун сурап, тактаган. Тактоодон кийин Натыйжада Асылбек уулу мандатынан ажыратылган.


Поделиться новостью: