Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Россиядагы элчилигине сунушталды

Дата: 16:55, 10-01-2019.

Бишкек. 10 - январь. КирТАГ – Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлиги Кыргызстандын Россиядагы элчилигине сунушталды. Бул тууралуу «Азаттык радиосу»на парламенттен кабарлады.

Маалыматка караганда, Жогорку кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 15-январда сунушту карап чыгат.

Жекшенкуловдун талапкерлиги жактырылса, миссиясы аяктап бараткан Болот Отунбаевдин ордуна элчи болуп барат.


Поделиться новостью: