«Акжол» бекетинде латыш паспорту менен Кыргызстан жараны кармалды

Дата: 13:01, 16-05-2019.

Бишкек. 16 - мая. КирТАГ -  «Акжол» бекетинде латыш паспорту менен Кыргызстан жараны кармалды. Бул туурасында КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет.

Кыргызстан жараны 1971-жылы туулган Ч.С., “Акжол - автодорожный” өткөрмө бекетине келип, көзөмөлдөн өтүп жатып Латвия Республикасынын  жараны паспортун көргөзгөн.

Чек ара кызматкерлери маалыматтардын дал келбегендигин байкап, Кыргызстан жараны кармашкан.

Тийиштүү документтерди толтурган соң КР УКМКсынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Поделиться новостью: