Акыркы эки күндө кызамык менен ооруган 23 киши Республикалык жугуштуу ооруулар клиникасына жаткырылды

Дата: 16:24, 18-02-2019.

Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Акыркы эки күндө кызамык менен ооруган 23 киши Республикалык жугуштуу ооруулар клиникасына жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Маалыматка  караганда, жалпысынан 31 киши кызамык оорусу менен кайрылган, алардын 23ү дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кызамыктан арылуунун бир гана жолу убагында эмдөөдөн өтүү экендигин эскертет.



Поделиться новостью: