Акын Мамбеталиев Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болуп дайындалды

Дата: 16:22, 18-02-2020.

Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ – Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы төрагасы болуп Акынбек Мамбеталиев дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Документке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Билдирмеге ылайык, жаңы дайындалган жетекчи 34 жашта.

Мамбеталиев буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин жалпы маселелер боюнча орун басары болуп иштеген.

Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алмаз Мамбетов өкмөт башчынын буйругу менен кызматынан бошотулган.

Поделиться новостью: