Акылбек Орозматов Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы болуп дайындалды

Дата: 10:00, 21-11-2019.

Бишкек. 21 - ноябрь. КирТАГ – Акылбек Орозматов Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы болуп Акылбек Орозматов дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Каныбек Исаков кол койду.

Буга чейин Акылбек Орозматов "Жебе Медиа" маалымат порталынын жетекчиси болуп иштеп келген. Жети жыл "Ынтымак" КРТРКсында журналист, редактор жана программалык директор болуп эмгектенген. Кесиби боюнча журналист.

Поделиться новостью: