Аксыда жүргөн сел эки жууп, эки көпүрөөнү алып кетти. 12 гектар айдоо жерлерин суу каптады
Бишкек. 18 - май. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн сел ири зыян келтирди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда,Авлетим айылына жааган жамгырдан улам Дейрес айылынын Талды-Булак участкасындагы Сазык суусунан келген суулар 1 турак үйдүн ичин, 1 турак үйдүн короосун каптаган.
Мындан тышкары, Талды-Булак участкасындагы Куру-Таш сайдан келген суулар Дейрес-Талды-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымындагы 17 кожолук пайдалануучу бетон-кольцолор менен курулган көпүрөнү бузуп агызып кеткен.
ӨКМдин куткаруу тобу селдин кесептерин жоюу иштерин жүргүзүп жатат.