АКШ мамкатчысынын орун басары Ислам Каримовдун бейитине гүл койду

Дата: 09:54, 31-10-2016.

Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ - АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Томас Шэннон Өзбекстанга болгон сапарынын алкагында Самаркандга барып, өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун бейитине гүл койду. Бул тууралуу АКШнын Ташкенттеги элчилиги Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.

Самаркандга Томас Шэннонду Өзбекстан ТИМ башчысы Абдулазиз Камилов, АКШнын өлкөдөгү элчиси Памела Спратлен жана АКШнын мамкатчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Даниель Розенблюм коштоп барды.

Томас Шэннон Өзбекстандын байыркы шаарындагы бир нече тарыхый жайларда да болду.

Ага чейин Ташкенттеги сүйлөшүүлөр маалында АКШ мамкатчысынын орун басары менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык мамилелердин абалын жана келечегин талкуулашкан.

Андан сырткары «С5+1» форматында, ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелер боюнча өз ара аракеттешүү боюнча пикир алмашуу болгону кабарланган.

Поделиться новостью: