Адвокат Айткуловдун иши сотко өттү

Дата: 15:21, 16-09-2019.

Бишкек. 16 -сентябрь. КирТАГ – Бишкек ШИИББнын тергөө башкармалыгы алдамчылык боюнча айыпталган адвокат Икрамидин Айткуловдун ишин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди.

Башкармалыктын маалыматына караганда, Айткуловдун ишин иликтөө аяктаган.

Эске салсак, адвокат Айткулов алдамчылык боюнча шектелип убактылуу камакка алынган. Ал кардардан 5,5 доллар алып кайра бербегендиги айтылууда.

Свердлов райондук сотунун чечими менен Айткулов 23-августта үй камагына чыгарылган.

Икрамидин Айткулов Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты болуп эсептелет.

Поделиться новостью: