«Ачык саясат» гезити Кожобек Рыспаевге 300 миң сом төлөп берет

Дата: 15:33, 24-05-2019.

Бишкек. 24 - май. КирТАГ  –  Бишкектин Октябрь райондук соту «Ачык саясат» гезити менен Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин ортосундагы доолуу ишти карап, гезиттен депутатка 300 миң сом өндүрүү чечимин чыгарды.

Аталган гезиттин редактору Назгүл Мамытованын 24.kg агенттигине берген маалыматына ылайык, алар бул чечимге кайра арызданышмакчы.

Маалыматка караганда, депутат «Ачык саясат» гезитин 2018-жылы жарыяланган «Рыспаевди иттен чыгарып коюшту...» деген макаласы үчүн сотко берген. Соттук процесстер уланып, Кожобек Рыспаев гезиттен 1 миллион сом өндүрүп берүүнү сурап кайрылган. Ага чейин ал моралдык компенсация катары 300 миң сураган. Сот депутат алгач сураган 300 миң сом акча өндүрүү чечимин чыгарды.

Поделиться новостью: