Абылгазиев OGP алкагындагы кызматташтык келечегин талкуулады

Дата: 16:22, 17-07-2018.

Бишкек. 17 - июль. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  Тбилиси шаарында «Ачык Өкмөт» Саммитине катышуу алкагында «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү Эл аралык демилгесинин (OGP) Башкы директору Санджай Прадхан менен жолугушту.

«Кыргыз Республикасы 2017-жылдын ноябрь айында «Ачык Өкмөт» демилгесине кошулган, анткени бул өлкөдө жүргүзүлүп жаткан демократиялык реформалардын максаттарына дал келет», – деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасы 8 жыл мурда парламенттик өнүгүү жолуна тандап алган, анын алкагында жаңы Конституция кабыл алынган жана мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо жүргүзүлгөн, ага байланыштуу өлкөдө Парламентке маанилүү орун берилген.

«Өлкөдө 2015 жана 2017-жылдары өткөрүлгөн парламенттик жана президенттик шайлоолор эл аралык коомчулук тарабынан ачык-айкын жана демократиялык принциптерге жооп берген шайлоолор катары таанылды. Мунун бардыгы жарандык коом менен тыгыз жүргүзүлгөн ишке жараша орун алды», – деди ал.

Премьер-министр белгилегендей, «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү Принциби» Кыргыз Республикасына тааныш.
«Биз белгилүү жетишкендиктер менен чектелип калбайбыз, Өкмөт өз алдына амбициялуу максаттарды коюп, өлкө жана жарандык коомдун кызыкчылыктарына жооп берген бир катар реформаларды жүргүзүүгө ниеттенүүдө», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда Өкмөт өз чечими аркылуу «Ачык Өкмөт» улуттук форумун түзгөн, анын курамына өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана жарандык секторунун өкүлдөрүнөн турган 34 мүчөсү теңме-тең катышта кирген.

«Бүгүнкү күндө улуттук форум коомдук талкууга салынып жаткан 18 демилгени жактырган, натыйжада, аны ишке ашыруу боюнча эки жылдык Иш-аракеттер планы иштелип чыгат. Жакынкы арада Өкмөт өз алдына аталган улуттук Иш-аракеттер планын бекитүү жана аны «Ачык Өкмөт» Эл аралык демилгесине жөнөтүү максатын коюуда», – деди ал.

OGP башкы директору Санджай Прадхан уюм Кыргызстандын «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнө кошулуусуна кубанычта экендигин канагаттануу менен белгилеп, өлкөдөгү оңдуу демократиялык өзгөрүүлөргө басым жасады.

«Кыргыз Республикасы келечекте аймакта ачыктык боюнча лидер болушу ыктымал. Кыргыз Республикасынын OGPга мүчөлүгү мамлекеттик башкаруу натыйжалуулугун жакшыртууга, мамлекеттик органдардын ишине карай калктын ишеним артуусун жогорулатууга жана дүйнөлүк коомчулуктагы өлкөнүн аброюн жакшыртууга шарт түзөт», – деп белгиледи Санджай Прадхан.

OGP директору Уюмга мүчө болуу натыйжасында оңдуу жыйынтыктарга ээ болгон чет мамлекеттердин ийгиликтүү жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

«Ачык Өкмөт» – жарандар жана мамлекеттик түзүмдөр ортосундагы өз ара аракеттешүү, анын натыйжасында эки тарап тең пайда таба алат», – деди Санджай Прадхан.

OGP директору Кыргызстанга улуттук Иш-аракеттер планын ишке ашыруу үчүн эксперттик көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле эл аралык уюмдарды жана финансылык институттарды тартууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Өкмөт башчы Санджай Прадханды үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышына катышууга чакырды.

Белгилесек, жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир катар депутаттары жана жарандык коом өкүлдөрү катышты.

Поделиться новостью: