Абылгазиев менен Монголиянын президенти «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты

Дата: 14:44, 12-06-2019.

Бишкек. 12 - июнь. КирТАГ  –  КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана өлкөгө расмий сапары менен келген Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Монголиянын президенти премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуялар учурунда курман болгондорду эскерип гүлчамбар койду.

Поделиться новостью: