Абылгазиев: Өкмөттүн планы – бул абстракттуу документ эмес, ал түшүнүктүү жана айкын болушу керек

Дата: 12:06, 23-01-2020.

Бишкек. 23-январь. КирТАГ - Өкмөттүн планы – бул абстракттуу документ эмес. Ал түшүнүктүү жана айкын болуп, иш жүзүндө натыйжа алып келүүгө тийиш. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун иш планын аткаруунун жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңешменин жүрүшүндө айтты.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министрлердин тескеген тармактары: реалдуу сектор, экономика, социалдык чөйрө, укук коргоо органдары боюнча отчеттору угулду.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, бир катар багыттар боюнча иштин жакшыруусуна карабастан, министрликтердин жана ведомстволордун иш планында жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке пландарында көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу жетишсиз деңгээлде турат.

«2019-жылы министрликтердин жана ведомстволордун иш планына чечүү үчүн 473 тапшырма киргизилген. Динамика көрсөткөндөй, белгиленген милдеттердин жарымы жыл аягына карата аткарылган. Бул тапшырмалардын көпчүлүгү тезинен аткарылганын айтып турат. Албетте, бул коюлган максаттарга жетүүнүн сапатына таасирин тийгизет. 473 тапшырманын кайсылары жарандарга пайда алып келгенин талдап чыгуу керек. Көптөгөн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери натыйжасында жарандарыбыздын жашоосун жеңилдеткен демилгелерди талдап чыгуусу зарыл. Ошондуктан биз абстракттуу пландарды жана тапшырмаларды түзүү тажрыйбасын токтотушубуз керек. Биз алдыбызга түшүнүктүү, конкреттүү жана практикалык максаттарды коюуга тийишпиз», - деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын пикиринде, планды бекитүүдөн мурда тигил же бул тапшырма кандай аткарылып, кандай конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө шарт түзөрүн терең талдоо кажет.

«Биз үчүн реалдуу жылыштарды жана коюлган тапшырмалардын ырааттуу аткарылышын көрүү маанилүү. Берилген баяндамалар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Планы административдик  күнүмдүк иштердин алкагында аткарыла турган көп милдеттерди камтыйт деп айтууга болот. Планга чечилиши экономикага жана коомго реалдуу жана сезилерлик пайда алып келе турган артыкчылыктуу көйгөйлүү маселелер кошулуш керек. Биздин максат болушунча көп милдеттерди аткаруу эмес, тажрыйба жүзүндө жарандардын өтө маанилүү маселелерин чечүү, өлкөнүн экономикалык дараметин көтөрүүнүн үстүндө иштөө. Ар бир мамлекеттик органдын алдына так жана түшүнүктүү, аны менен бирге Мамлекеттик инвестициялар программаларын ишке ашыруунун алкагындагы милдеттерди коюу зарыл», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ыкчам түрдө ар бир мамлекеттик орган үчүн эки же үч конкреттүү жана практикалык милдеттер менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин жана иш-чараларынын Планын иштеп бүтүрүүнү тапшырды. 

«Бул жыл биз үчүн абдан маанилүү. Биз 2018-жылдан бери жүргүзгөн системалуу ишибиздин жыйынтыгын мамлекеттин экономикасында жана кирешесинде көрсөтүшүбүз керек. Буга байланыштуу биз коюлган милдеттерге жетишүү үчүн ишти максималдуу түрдө мобилизациялоого тийишпиз. Тигил же бул жетекчини жазалоо максат эмес, биз анын ишинин конкреттүү жыйынтыгын алышыбыз абзел. Биз салыктык процедураларды фискалдаштыруу принциптерин киргизүүдөн жана мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуудан жакшы натыйжага жетишебиз деп турабыз. Муну менен бирге балдарды коргоо иштери күчөтүлүп, аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү иш-чаралары улантылат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев жана акыркы эки багыт боюнча ар бир министрликтин жана ведомствонун, ошондой эле Өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрүнүн жана район башчыларынын ишине баа берилерин баса белгиледи.

Кеңешменин соңунда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ар бир блок боюнча вице-премьер-министрлерге чейрек сайын милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча жыйындарды өткөрүү тапшырмасын берди.

Поделиться новостью: