Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул негизинен мурдагылардын каталарынын кесепети

Дата: 15:35, 19-02-2020.

Бишкек. 19 - февраль. КирТАГ – Өлкө тарыхында алыскы районго соода-логистикалык борборун уюштурууга миллиондогон доллар салууга ниеттенген ири инвестор мамлекеттин эч кандай кепилдигисиз алгачкы ирет келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-түзүмдөрдүн жана донордук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты.

Өкмөт башчынын айтымында, инвестор өзүнө бир нече милдеттерди алган. Долбоор 15 миң жумуш орунун түзмөк, алдыңкы жогорку технологиялык өндүрүш киргизилип, бюджетке ири көлөмдөгү акча которулмак. Премьер-министр баса белгилегендей, долбоор айлана-чөйрө үчүн кандайдыр бир тобокелдикти алып келген жок жана алыскы облустук жана жергиликтүү бюджеттер үчүн гана эмес, жалпы эле ата мекендик экономика үчүн дагы мааниси чоң болчу.

“Өкмөт бардык пайданы жана инвестордун милдеттерин кылдаттык менен аныктап, бул долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылды. Дал ошол үчүн, мамлекет тараптын эркин жана толук колдоосун сезгендиктен, инвестор ири масштабдуу курулуш иштерине даярдык көрүп, долбоорду ишке ашыруунун активдүү фазасына киришкен.

Бирок учурда жергиликтүү эл менен мамиленин жасалма түрдө бузулушунан улам компания долбоордон чыгууга аргасыз болуп жатканын билдирди. Биз сырттан таңууланган жана нарындыктардын кызыкчылыктарына каршы келген бул пикир жалган, ушак жана фейк маалыматтарды таратуу аркылуу активдүү жайылтылган деп ишенебиз. Негизсиз ызы-чууга кабылгандардын көп бөлүгүн жаштар түзгөнү өтө өкүнүчтүү. Ал арада дал ушул жаштар аймактарды өнүктүрүү жана адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн бардык ресурстарды, анын ичинде кайсы өлкөнүн болбосун чет элдик инвесторлордун ресурстарын колдонуу зарылдыгын жакшы түшүнүүгө тийиш. Бул жашоочулары жумуш издеп туулган жеринен кетип жаткандыгы байкалган дотациядагы аймактар үчүн өзгөчө мааниге ээ”, - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Тилекке каршы, биз коомчулуктун инвесторго карата калыс жана объективдүү мамилесин калыптандыруу үчүн убакыт керек экенин моюнга алышыбыз керек. Өкмөттүн бүгүнкү күч-аракеттери буга чейинкилердин олуттуу катачылыгынын кесепетин тартууда. Мындай ири инвестордун кетишине биринчи кезекте ири долбоорлорду экономиканын флагманы кылуунун ордуна коррупциянын уюгуна айлантып, өлкөнүн кызыкчылыгына чыккынчылык кылуунун, жаратылышты кыйратуунун мисалы болуп калган мурда кабыл алынган чечимдерге карата элдин ишенбөөчүлүгү түрткү болорун өкүнүү менен билдиребиз. Ошол эле учурда жарандардын ою эске алынбай, жергиликтүү элдин кызыкчылыгы корголбой калган».

Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө түзүлгөн кырдаал инвестицияны коргоо чөйрөсүндө, өзгөчө жергиликтүү эл, баарынан биринчи жаштар менен өз ара кызматташуудагы иштөөнүн айрым принциптерин кайра карап чыгуунун зарылдыгы бышып жетилгенин ачык эле көрсөттү.

Мухаммедкалый Абылгазиев ырастагандай, Өкмөт мындан ары да өлкөгө ири инвесторлорду тартууну уланта бермекчи жана Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүү үчүн шарттарды түзөт.

Поделиться новостью: