Абылгазиев «Ачык Өкмөт» демилгесинин V Глобалдык саммитине катышты

Дата: 14:33, 18-07-2018.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый АбылгазиевТбилиси шаарында (Грузия) «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин (OGP) V Глобалдык саммитине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага дүйнөнүн 70 ашуун өлкөсүнөн өкүлдөр катышты.

OGP Глобалдык саммитинин ачылышы алкагында Өкмөт башчы панелдик дискуссияга катышты.

Премьер-министр суроолорго жооп берүү учурунда белгилегендей, Кыргызстан «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнө мамлекеттик башкарууну жакшыртуу боюнча чараларды натыйжалуу ишке ашыруу, жарандык коомдун мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерге катышуусун кеңейтүү жана мамлекеттик органдардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы технологиялардын мүмкүндүктөрүн пайдалануу максатында кошулган.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишеним. Биримдик. Жаратмандык» Программасына ылайык, мамлекеттик тейлөөнү санариптик форматта көрсөтүү үчүн жарандарга электрондук тейлөө көрсөтүүнүн бирдиктүү платформасын түзүү сунушталууда. Белгилеп кетсем, мамлекеттик тейлөөнү электрондук форматта көрсөтүү алардын сапатын жакшыртууга, мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жана чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк түзөт», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, Өкмөт тарабынан жарандык коом менен тыгыз байланышта мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулук деңгээлин жогорулатуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

«Тактап айтканда, мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөлөрдү көрсөтүү тутуму оптималдаштырылган, Мамлекеттик тейлөөлөрдүн бирдиктүү реестри түзүлүп, Калкты тейлөө борборлору ачылган. Мындан тышкары, мамлекеттик тейлөө көрсөтүүгө зарыл болгон маалыматтарды ыкчам алууну камсыздоо эсебинен мамлекеттик бийлик органдарындагы башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тутуму киргизилүүдө», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр кыргыз тарап OGP маанилүү принциптерин толук колдоого алуу менен аталган Өнөктөштүк алкагындагы кызматташтыкка даяр экендигин баса белгиледи.

«Биз эл аралык өнөктөрүбүздүн колдоосу астында Улуттук иш-аракеттер планынын ишке ашырылышы мамлекеттик органдар тараптан кабыл алынып жаткан чечимдердин сапатын жашыртып, Өкмөткө карата ишенимди жогорулатуу менен экономикалык өнүгүү жана башкаруу жаатындагы милдеттердин ийгиликтүү чечилишине өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдиребиз. Биз Кыргызстандын Өнөктөштүккө кошулуусу калкыбыздын жашоо деңгээлин жана бакубаттуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле панелдик талкуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстандын OGP кошулуусу менен артыкчылыктуу милдет катары Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө чоң талкуулар жүрүп, коомчулуктун катышуусунда консультациялар өткөрүлүүдө. Андан соң, эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу жана активдүү катышуусу аркылуу биз Улуттук иш-аракеттер планынын ишке ашырууга өтөбүз», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр дагы бир ирет Кыргызстандын OGPтеги мүчөлүгү өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана жарандардын жашоо деңгээлине жагымдуу таасирин тийгизет деген ишенимин билдирди.

Поделиться новостью: