Журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Дата: 15:18, 17-08-2018.

Бишкек. 17 - август. КирТАГ – Альбина Метерова. «Азаттык» радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Нурлан Утемисов билдирди.

«Журналист  Улан Эгизбаевдин  өлүмү боюнча «Акун» пансионатынын куткаруучуларына жана администрациясына карата 258 – берене ( Кызмат көрсөтүүдөгү шалаакылык жана талапка жооп бербеген коопсуздук маселелери) боюнча кылмыш иши козголду», - деп билдирди ИИМдин өкүлү.

Анын айтымында, тергөө иштери башталган.

Утемисов, милиция журналистти коркуткан телефон чалуулар жана бош кат тууралуу териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.

Эске салсак, журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28-жашында Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон.

Поделиться новостью: