Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди

Дата: 10:45, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ - Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңештин экинчи жыйыны бүгүн, 18-декабрда, Ош шаарында өтөт. Эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Кыргыз делегациясынын курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш аймактардын аймактык башкаруу органдарынын жетекчилери кирген.

Поделиться новостью: