Нарын облусунунун ИИБнын криминалдык милициясынын өлүмү иликтенүүдө

Дата: 16:45, 10-01-2019.

Бишкек. 10 - декабрь. КирТАГ – Нарын облусунунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милициясынын өлүмү иликтенүүдө. Бул тууралуу ИИМ маалымдады

Маалыматка караганда, 10-январь, түнкү саат 01.00дө Ысык-Ата районунун милиция  бөлүмүнө Бишкек-Торугарт жолунда кишини унаа сүзүп кеткендиги тууралуу кабар келет.

Бишкек-Торугарт жолунун 16-чакырымы, Алга айылында 35-40 жаштардагы кишини унаа сүзүп, айдоочусу болсо иш жашырып кетет. Оор жаракат алган жаран ордунда жан берет.

Шектүүнү кармоо үчүн «Перехват» планы жарыяланды.

Каза болгон жаран Күнболот Касымбеков Нарын облусттук ИИБнын криминалдык милиция бөлүмүндө иштегендиги аныкталды. Ал ден-соолугуна байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыгып, Бишкекте дарыланууну пландап жүргөн.

Аталган факт боюнча тиешелүү экспертиза белгиленди.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, кызматкерлери жана коллегиянын мүчөлөрү Күнболот Касымалиевдин жакындарына көңүл айтат.



Поделиться новостью: