«Манас» аэропортунда Бишкек-Анталья рейси кармалып турат
Дата: 13:32, 22-08-2019.
Бишкек. 22 - август. КирТАГ – «Манас» аэропортунда Бишкек-Анталья рейси кармалып турат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Самолет 6:05те учушу керек болчу. Бирок 15.00гө жылдырылды.
Каттамга жоопту Avia Traffic авиакомпаниясы рейс техникалык себептерден улам кармалып турганын билдирди.