«Кыргызтелеком» 2018-жылы 39,3 млн сом киреше тапкан

Дата: 13:20, 09-08-2019.

Бишкек. 9 - август. КирТАГ – «Кыргызтелеком» ААКнын 2018-жылдагы таза кирешеси 39 млн 349 миң сомго жетти.

Маалыматка караганда ишкана бүгүн 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарган.

Компаниянын салыктарды кошуп эсептегендеги таза кирешеси 39 млн 349 миң сомду түзгөн. Кирешенин 19 млн 674 миң сому дивиденттерге кеткен. Акциянын кирешеси болсо 0,1866 сомго жеткен.


Поделиться новостью: