Индиянын аскер кызматкерлери Кыргызстандын тоолорунда даярдыктан өтөт
Бишкек. 21 - май. КирТАГ – Индиянын аскер кызматкерлери Кыргызстандын тоолорунда окуу машыгууларын өткөрүү үчүн чогулууда. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн башкы кызматынан кабалашты.
Маалыматка караганда, 20636 аскердик бөлүктүн базасында 14нөн 27-майга чейин Кыргызстандын кургактагы күчтөрү жана Индиянын аскерлери окуу машыгууларын өткөрөт.
Индиянын аскерлери машыгуулар үчүн Кыргызстанга 14-май күнү келген.
«Бирдиктүү машыгуунун планында лекциялар жана практикалык машыгуулар өткөрүү каралган. Аскерлер техникалык, тоолуу аймакта күрөшүү, өрткө каршы күрөшүү жана тоолуу шарттарда жашоонун сырларын үйрөнүшөт», - деп айтылат маалыматта.