«Достук» чегара бекетинде чегарачылардын штаты көбөйтүлдү

Дата: 14:52, 16-10-2018.

Бишкек. 16 - октябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Мамлекеттик чегара кызматы “Достук” чегара бекетинде чегарачылардын штатын көбөйттү. Бул тууралуу чегара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.


«Кыргыз-өзбек чегарасындагы «Достук» чегара бекетинде абал туруктуу. Жыл башында чегара ачылган учурда паспортту текшерген 5 кабинет иштеген. Чегарадан өтүүчүлөр көбөйгөндүктөн кабинттерди 21ге көбөйттүк», - деди У. Шаршеев.

Ал ошондой эле чегарадан элди өткөрүүдө тыгын байкалбаганын кошумчалады.



Поделиться новостью: