Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны

Дата: 16:20, 16-10-2018.

Бишкек. 16 - октябрь. КирТАГ – Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга фракция мүчөлөрү жана профилдик комитеттер, депутаттар, министрлик жана башкармалыктардын жетекчилери, бизнес коомчулук жана эл аралык уюмдар катышты.

Отурумда Экономика министри Олег Панкратовдун регулятордук реформа боюнча отчету угулду. Аталган маселе боюнча бизнес коомчулуктун өкүлдөрү да баяндама жасады.

Мындан тышкары Эркин экономикалык аймактын маселелери жана инвесторлорго шарт түзүү жолдору талкууга алынды.

Жыйындын соңунда кеңеш жыйынтыктоочу сунуштарды кабыл алат.



Поделиться новостью: