«Битва моделей» телешоусунун уюштуруучусу жол кырсыгына кабылды

Дата: 13:07, 18-02-2019.

Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Бишкекте «Битва моделей» телешоусунун уюштуруучусу жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Маалыматка караганда, Интергельпо жана Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде  “Лексус-470” (мам. № 01 KG 954  ADP) үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, электр карагайын сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам жабыркаган. КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жабырлануучу «Битва моделей» телешоусунун уюштуруучусу Асель Мамбеткалиев экендиги белгилүү болду. Учурда активисттер Мамбеткалиеванын дарылануусуна акча чогултууда.


Поделиться новостью: