КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:50 | 29 жалган куран

Кыргызстандын 2 миңге жакын жараны чет жактарда жаза мөөнөтүн өтөп жатышат

Дата: 10:19, 13-09-2016.

«Белгилей кетчү жагдай, мындай статистиканы учурда ТИМ жүргүзүп жатат. Алардын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө чет жакта КР 1946 жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Учурда чет жакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын электрондук базасын түзүү маселеси каралып жатат. Бул чыныгы абалга көзөмөл кылууга мүмкүндүк түзөт», - деди ал.

Анын айтымында, чет жакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын басымдуу бөлүгү Орусияда.

«КР дээрлик 1500 жараны Орусияда жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Казакстанда 359 жаран. Кытайда – 18 жана алыскы чет өлкөлөрдө – 24», - деди ал.


Поделиться новостью: