КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:05 | 29 жалган куран

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду

Дата: 10:10, 14-11-2019.

Бишкек. 14-ноябрь. КирТАГ – Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

"Жогорку Кеңеш жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы Куанбек Киргизбаевди кызмат ордунан бошотууга макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды" - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, судьялардын жаш курагынын чеги – 70 жаш.

Поделиться новостью: