КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 3:02 | 25 чын куран

Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президенттердин кол тийбестигин алуу жөнүндөгү мыйзамды биринчи окууда жактырды

Дата: 17:50, 13-12-2018.

Бишкек. 13 - декабрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

Аталган мыйзамды депутаттар Курманкул Зулушев жана  Исхак Масалиев демилгелеген.

Талкуунун жүрүшүндө «Бир Бол» фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов мыйзамдын демилгечилеринен кайсы сунушталган мыйзам кайсы экс-президенттерге тиешелүү экенин сурады. Эл өкүлү Жанар Акаев эгер мыйзам кабыл алынып калса экс-президент Алмазбек Атамбаев камакка алынабы деген суроо салды.

«Эгер ким болбосун мыйзам бузса ал жооп бериши керек. Баары бирдей болушу зарыл. Ошондуктан биз баш мыйзамга шайкеш келтирели деп жатабыз», - деди мыйзамдын демилгечилеринин бири депутат Курманкул Зулушев.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Сунушталган мыйзамды 100 депутат колдоп, эки эл өкүлү каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамда экс-президенттердин кол тийбестиги каралган. Аталган мыйзамга ылайык мурунку президенттер жасаган иштери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Суракка алуу, кармоого да мыйзам жол бербейт.

Кыргызстандын   экс-президенти статутусуна Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев ээ болуп саналат. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин кол тийбестиги болсо революциядан кийин алынган.

Поделиться новостью: