КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 6:51 | 20 чын куран

Жогорку Кеңештин делегациясы Сауд Арабиянын ишкерлери менен жолугушту

Дата: 13:32, 18-02-2020.

Бишкек. 18 - февраль. Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Сауд Арабия Королдугундагы расмий иш сапарынын алкагында Соода палатасынын жетекчилери жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.  Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү маселелери талкууланып, инвестициялык кызматташтыкты арттыруу тууралуу сөз болду.

Төрага Дастанбек Жумабеков  Кыргызстан Сауд Арабия Королдугу менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытында кызматташууга кызыкдар экендигин белгилеп: “Эки өлкө ортосунда калыптанган саясий байланыштарды экономикалык кызматташтык аркылуу жигердүү улантуу - учур талабы. Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү өтө кең жана таза экологиялык айыл чарба, эт азыктарын экспорттоо жаатындагы долбоорлорду колдойбуз”, – деди.

Муну менен катар эки өлкөдө тең соода көргөзмө-жарманкелеринин уюштурулушу ишкерлер ортосунда натыйжалуу кызматташтыкка жол ачарын кошумчалады.

Ал эми Сауд Арабия Королдугунун Соода палатасынын жетекчилери менен бизнес өкүлдөрү мамлекеттер аралык түз аба каттамынын ачылышына жана соода байланыштарын арттыруу багытындагы кызматташтыкка кызыкдар экендиктерин билдиришти. Ошондой эле Кыргызстандын соода көргөзмө-жарманкесин Сауд Арабия Королдугунун борбор калаасында эле эмес, башка шаарларында да өткөрүүнү сунушташты.

Андан соң парламенттик делегация Сауд Арабия Королдугундагы Кыргызстандын элчилигинин жаңы имаратына барып, анын иши менен таанышты.  

Белгилей кетсек, Төрага Дастанбек Жумабеков Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш-Шейхдин чакыруусу аркылуу Сауд Арабия Королдугуна расмий иш сапары менен барган.  Парламенттик делегациянын курамында төраганын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев жана Абдимуктар Маматов бар. Ошондой эле делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев, экономика министринин орун басары Султан Ахматов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаев коштоп жүрөт.

Поделиться новостью: