«Жибек жолу» көргөзмөсүндө бүгүн Экология күнү өттү
Бишкек. 16- апрель. КирТАГ — Бишкекте Улуттук көркөм өнөр музейинде өтүп жаткан «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсүндө бүгүн, 16-апрелде Экология күнү белгиленди.
Бул тууралуу Азаттыккакөргөзмөнүн демилгечиси болгон «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун өкүлү Роза Кайыкова билдирди:
«БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк программасынын өкүлдөрү келип бир топ интерактивдүү оюндарды, сынактарды уюштурушат. Туура тамактануу, көчөттөрдү туура отургузуу, таштандыны бөлүштүрүү, экологиялык тарбиялоо жана энергетикалык диета деген темада лекциялар окулуп, оюндар ойнолот», - дейт Кайыкова.
5-апрелде ачылган «Жибек жолу» көргөзмөсү 28-апрелде жыйынтыкталат. Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу жибек жолунун боюндагы өлкөлөр жөнүндө кызыктуу маалыматтар берилип жатат.