Жерди пайдалануу маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Дата: 16:48, 06-08-2019.

Бишкек. 6 - август. КирТАГ  –  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты байланыш курулмаларын жайгаштыруу үчүн жер участокторун алуу жана аны жөнөкөйлөтүү тартиби менен байланышкан учурдагы көйгөйлөрдү чечүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү жана электр байланыш тармагындагы башка көйгөйлөрдүн бири катары республиканын региондорундагы телекоммуникациялык инфратүзүмдүн бирдей эмес өнүгүүсү белгиленген, бул түздөн-түз интернеттин начар жана региондордун маалыматтык жактан теңдешсиз болушуна алып келүүдө.

Ушуга байланыштуу, өз учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому менен бекитилген «Ишеним жана биримдик» программасына ылайык республиканын аймагынын 85 пайызын жогорку ылдамдыктагы интернет менен камтуу милдетин койгон.

Бирок, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде, Суу кодексинде, Токой кодексинде, «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамда, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамда, «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Мыйзамда белгиленген тыюу салуучу жана чектөөчү мүнөздөгү ченемдер жана жоболор телекоммуникация инфратүзүмүн өнүктүрүү жолунда республиканын региондорунун калкын байланыш менен камсыз кылуу боюнча байланыш тармагынын алдында турган социалдык маанилүү милдеттерди ишке ашырууга мүмкүндүк бе рбеген конкреттүү бөгөттөр болуп саналат.

Ушуга байланыштуу жогорудагы көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Алсак, бул Мыйзам менен аянтынын өлчөмү 20 м² ашпаган суу фондусунун, токой фондусунун, жайыттар жерлеринен пайдаланууга жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу үчүн жол берилгендиги каралган.

Ошону менен бирге, ушул Мыйзам менен «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Мыйзамдын түшүнүк аппаратын бир түрдүү колдонуу максатында «байланыш курулмасы» деген термини менен толукталууда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Поделиться новостью: