КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:40 | 29 жалган куран

Жээнбеков жана Путин эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкууга алды

Дата: 17:24, 14-06-2018.

Бишкек. 14 - июнь. КирТАГ – Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу мүнөздөгү актуалдуу маселелерди жана ЕАЭБ алкагында кызматташтыкты талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, 14-июндан 15-июлга чейин Россияда өтө турчу футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ийгиликтүү өтүшүн каалады.






Поделиться новостью: