КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:47 | 28 жалган куран

Жээнбеков: Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы баа жеткис

Дата: 16:55, 13-08-2019.

Бишкек. 13– август. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысы Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө болгон өзгөчө салымын белгиледи.

«Турдакун Усубалиев өлкөнү жетектеген чейрек кылымдын ичинде Кыргызстанда көп өзгөрүүлөр болгон, агрардык өлкөдөн биз индустриалдык өлкөгө айландык. Өзгөрүүлөр экономика, маданият жана жашоонун бардык тармактарында болду. Өлкөдө 100дөн ашуун өнөржай ишканалары ачылган, анын ичинде ГЭСтер, эл аралык „Манас“ аэропорту, заводдор, музейлер ж. б. Ошондой эле анын өзгөчө жетишкендиги катары миңдеген сугат жерлерин өздөштүрүүнү атаса болот, ал мелиорация жана ирригацияга чоң көңүл бурган», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин 1-чакырылышынын депутаты катары Турдакун Усубалиев жана Абсамат Масалиев менен бирге иштегенин эстеди, жалпысынан парламентарийлер катары бирге 10 жыл иштешкен.

«Алардан көп нерсе үйрөндүм, алар комитеттердин төрагалары болгон, мен төраганын орун басары элем. Кийин Турдакун Усубалиевичтин сунушу менен вице-спикер болгом. Алардын батасын алгам. Дайым эстеп жүрөм, өзгөчө адамдар эле. Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы баа жеткис», — деп белгиледи Мамлекет башчысы жана мааракелик иш-чараларды эң жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Президент Турдакун Усубалиевдин жашоосу жана эмгек жолу ал үчүн жана бардык мамлекеттик кызматкерлер үчүн үлгү экенин билдирди.

«Турдакун Усубалиев өзүнө байлык топтогон жок, болгон күчүн элге жана мамлекетке арнаган. Өмүрүнүн көп бөлүгүн пландык экономика мезгилинде иштегенине карабастан, Турдакун Усубалиев рынок экономикасын эң сонун түшүнчү жана тигил же бул маселелер боюнча өз сунуштарын берип турчу», — деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков.

Биринчи вице-премьер-министр, уюштуруу комитетинин төрагасы Кубатбек Боронов Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине даярдыктардын жүрүшү боюнча маалымат берди. Бүгүнкү күндө өзүнө инфраструктуралык жана социалдык объектилерди оңдоп-түзөө жана курууну камтыган 18 пункттан турган иш-чаралар планы иштелип чыкты.

Иш-чаралар планынын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүккө сактоо максатында Турдакун Усубалиевдин ысмын Кыргызстандын тоолорунун биринин чокусуна жана Бишкек шаарынын эски аянтына ыйгаруу маселеси иштелип чыгууда.

Муну менен биргеликте бир катар маданий, илимий иш-чараларды, эскерүү кечелерин өткөрүү, биографиялык басылмаларды даярдоо дагы каралган. Бардык пландалган иш-чаралар мурда белгиленген мөөнөттөрдө жүрүүдө.

Турдакун Усубалиевдин небереси — Эрмек Усубалиев жана уюштуруу комитетинин мүчөсү Шамшыбек Медетбеков Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү демилгеси жана колдоосу учүн Кыргыз Республикасынын Президентине ыраазычылык билдиришти. Эрмек Усубалиев бардык иш-чаралар анын чоң атасынын стилинде — жөнөкөй жана ашыкча шаан-шөкөтсүз өткөрүү өтүнүчүн билдирди.

Поделиться новостью: