КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:58 | 29 жалган куран

Жээнбеков расмий сапар менен Араб Эмираттарына барат

Дата: 15:49, 10-12-2019.

Бишкек. 10 - декабрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 11-12-декабрында Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку кол башчысынын орун басары, шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайандын чакыруусу менен Бириккен Араб Эмираттарына расмий визит менен барат. Бул тууралуу билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди

Ал белгилегендей, визиттин жүрүшүндө Мамлекет башчысынын Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы менен чакан жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрү пландалууда, анын жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим берүү, маданият, туризм тармактарында, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Бишкек шаарында Ислам академиясын куруу боюнча бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюу күтүлүүдө.

«Сиздерге маалым болгондой, Кыргызстанда Ислам академиясын түзүү жөнүндөгү идея 2019-жылдын февраль айында Сочи шаарында Сооронбай Жээнбеков менген Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнөн кийин келип чыккан. Ислам академиясынын негизги максаты — жогорку билим берүү, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелер, диний уюмдар үчүн кадрларды даярдоо, ошондой эле алардын квалификациясын жогорулатуу», — деп кошумчалады Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Расмий визиттин алкагында Сооронбай Жээнбековдун БАЭнин вице-президенти, Премьер-министри, шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен жолугушуусу пландалууда. Кызматташуунун бардык тармактары боюнча эки тараптуу өз ара мамилелер маселелери талкууланат.

Данияр Сыдыков маалымдагандай, Президент Сооронбай Жээнбеков соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулай турган БАЭнин соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалууда.

Ошондой эле Заед фондунун Башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери менен жолугушуусу болот.

Визиттин соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарында убактылуу жашаган мекендештер менен жолугушат.


Поделиться новостью: