КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 22:43 | 16 чын куран

Облус жетекчилерине бирден инновациялык мектеп ачуу талабы коюлат – Жээнбеков

Дата: 12:03, 22-04-2019.

Бишкек. 22 - апрель.  КирТАГ – Облус жетекчилеринин ишин баалоодогу негизги критерий катары ар бир региондо бирден инновациялык мектеп ачуу талабы коюлат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында өтүп жаткан "Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү" аттуу 1-телекоммуникациялык форумга билдирди.

Мамлекет башчысы “Акылдуу мектеп” долбоору боюнча мектептин негизги процесстерин санариптештирүү зарыл деп билдирди.

“Бул долбоордун алкагында мектепке окуучуларды алууда электрондук кезек киргизилүүдө. Мугалимдердин иш процессин, окуучулардын окуу процессин көзөмөлдөө санариптештирилет. Ал үчүн Өкмөт 2019-жылдын 1-июнуна чейин калган мектептерди толугу менен интернетке кошуу ишин аяктоосу керек. Бүгүнкү күнгө республикадагы мектептердин 86 пайызы интернетке кошулган”, - деди Жээнбеков.

Ал кошумчалагандай, мындан тышкары республика боюнча социалдык жактан маанилүү болгон баардык мекемелерди интернетке кошуу башталат.

“Бүгүн бул жерде облус жетекчилери отурасыңар. Силердин ишиңерди баалоодогу негизги критерий катары ар бир региондо бирден инновациялык мектеп ачуу талабы коюлат. Ал үчүн Билим берүү министрлиги атайын методиканы жана окуу стандарттарын иштеп чыгып, бекитип берет. Инновациялык мектептер аркылуу информатика, математика жана чет тил сабактары дистанттык түрдө региондогу мектептерге дагы жайылтылат”, - деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Поделиться новостью: