КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:52 | 29 жалган куран

Жээнбеков менен Инго Аппе кыргыз-австрия кызматташтыгынын келечегин талкуулашты

Дата: 18:01, 24-06-2019.

Бишкек. 24 - июнь. КирТАГ  –  Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда Кыргызстанга расмий визит менен келген Австрия Республикасынын Парламентинин Федералдык кеңешинин президенти Инго Аппе менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз-австрия кызматташтыгынын азыркы абалы жана мындан ары өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Австрия Парламентинин Федералдык кеңешинин президентинин расмий визити өлкөлөрдүн биргелешкен өз ара аракеттешүүсүн тереңдетет.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Кыргызстан парламенттик демократияны куруу боюнча Австрия менен тажырыйба алмашууга кызыкдар.

Австрия Парламентинин Федералдык кеңешинин президенти Инго Аппе Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча чараларды жеке талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экендигин белгиледи.

Ал баса белгилегендей, Австрия тарап Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өзгөчө маани берет жана бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы парламенттик өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөндүгүн кошумчалады.

Инго Аппе ошондой эле өлкөдө парламенттик демократияны куруу жана өнүктүрүү боюнча тажырыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

Поделиться новостью: