КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 20:50 | 29 жалган куран

Жээнбеков: Кыргызстандын саясий күчтөрү 9 пайыздык босого даяр эмес

Дата: 13:34, 20-02-2020.

Бишкек. 19-октябрь. КирТАГ – Кыргызстандын саясий күчтөрү 9 пайыздык босого даяр эместигин көрсөтүүдө. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Өлкө башчы парламенттик шайлоо үчүн укуктук база түзүлгөнүн, айткан убадалары аткарылганын айтты.

“Азыркы учурда бир гана жагдай жөнүндө —  пайыздык чек тууралуу талкууларга чекит коюла элек. Бул маселе боюнча менин пикиримди билүүгө ынтызар болгон мекендештерим, айрым депутаттар, мага түз да, маалымат каражаттары аркылуу да кайрылышты.Тогуз пайыз деген чекти мына ушул жерде отурган депутаттар, көпчүлүгүңөр колдоп, мыйзам кабыл алынган эле.Бул норма шайлоого катыша турган саясий күчтөр тарабынан кызуу талкууга алынып, азыр өзгөртүүнү талап кылууда” – деди президент Жээнбеков.

Мамлекет башчы жарым жылга жакын созулуп келаткан талкууга өзү да көз салып, көңүл буруп келатканын белгиледи.

““Азыр 9 пайыз, 7 пайыз, 5 пайыз, жада калса 3 пайыз деген да пикирлер айтылууда. Тогуз пайызды демилгелеп, аны колдогондордун оюн эске алсак, негизги аргумент — партияларды ирилештирүү максаты болгон. Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок, буга саясий күчтөр даярбы? Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес. 7 пайыз — бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол.5 жана 3 пайызды айткандар, „жаштарга мүмкүнчүлүк берели“ деген элдин кулагына жага турган аргументтерди айтууда” – деди президент Жээнбеков.

Өлкө башчы учурда пайыздык босого боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканын кошумчалады.

“Депутаттар терең талкуудан өткөрүп, жети өлчөп, бир кесет деп ойлойм. Мен бардык партияларга карата бирдей мамиледе болом. Өзүнүн аты айтып тургандай, партия деген — жалпы коомдун бир гана бөлүгү.Мен кайсы бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайланып келгем. Жалпы элге кызмат кылуудамын” – деди президент Жээнбеков.


Поделиться новостью: