Жээнбеков ККП БКнын саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин менен жолугушту

Дата: 11:39, 26-04-2019.

Бишкек. 26 - апрель. КирТАГ –    Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде Кытай Республикасынын Пекин шаарындагы "Бир алкак – бир жол" эл аралык кызматташтыктын экинчи форумуна катышуунун алкагында ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысын жылуу кабыл алган Ван Хунин кыргыз-кытай алакаларынын бекемделишине кошкон салымы үчүн Сооронбай Жээнбековко ыраазычылык билдирди.

"2018-жылдын июнь айында Сиз Кытайга мамлекеттик визит менен келип, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен биргеликте эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгардыңар. Бул жерде Сиздин салымыңыз чоң, биз аны жогору баалайбыз", - деп билдирди ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин.

Президент Сооронбай Жээнбеков кытай тараптын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, "Бир алкак – бир жол" эл аралык кызматташтыктын экинчи форуму эң жогорку деңгээлде өтүп жаткандыгын баса белгиледи. Форум кытайлык достор менен жолугушууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди.

"Биз төрага Си Цзиньпиндин форумдун ишин мыкты деңгээлде ачып, анда сүйлөгөндүгүнө күбө болдук. Форум жогорку деңгээлде өтүп жатат", - деп билдирди Жээнбеков.

Поделиться новостью: