КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:01 | 18 чын куран

Жээнбеков: Аймактардагы кичи жана орто ишкерликти колдоо башкы максатыбыз

Дата: 11:03, 17-10-2019.

Бишкек. 17-октябрь. КирТАГ –Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Кара-Тектир айылындагы «Аселим» тигүүчү цехтин ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысына учурда ишканада 50 адам иштеп, өндүрүлгөн продукция Россия Федерациясына экспортко кетип жатканы боюнча маалымат беришти.

Өндүрүш линиясын кеңейтүү максатында жаңы объектини куруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер тилкесин бөлүп беришти, ошондой эле жеңилдетилген насыяны бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Президент аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын башкы багыттарынын бири жер-жерлерде кичи жана орто ишкерликти колдоо болуп саналарын канааттануу менен белгиледи. Аймактардагы ишкердик демилгелерге бардык жагынан жардам көрсөтүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Ал мындай ишканалардын санынын көбөйүшү өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө жана жаңы иш орундарын түзүү аркылуу ички миграцияны азайтууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда ишкердикти өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүү мындан ары дагы тиешелүү мамлекеттик органдардын ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болуп кала берерине ишендирди.

Ошондой эле Мамлекет башчысы Токтогул районунун бал азыктарынын көргөзмөсүн көрүп чыкты. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен болгон баарлашуусунда ал ата мекендик продукция өзүнүн сапаты жана экологиялык тазалыгы менен чет өлкөлүк рыноктордо атаандаштык түзө алат деп баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Кара-Тектир айылындагы «Аселим» тигүүчү цехтин ишмердиги менен таанышты.

Мамлекет башчысына учурда ишканада 50 адам иштеп, өндүрүлгөн продукция Россия Федерациясына экспортко кетип жатканы боюнча маалымат беришти.

Өндүрүш линиясын кеңейтүү максатында жаңы объектини куруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер тилкесин бөлүп беришти, ошондой эле жеңилдетилген насыяны бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Президент аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын башкы багыттарынын бири жер-жерлерде кичи жана орто ишкерликти колдоо болуп саналарын канааттануу менен белгиледи. Аймактардагы ишкердик демилгелерге бардык жагынан жардам көрсөтүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Ал мындай ишканалардын санынын көбөйүшү өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө жана жаңы иш орундарын түзүү аркылуу ички миграцияны азайтууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда ишкердикти өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүү мындан ары дагы тиешелүү мамлекеттик органдардын ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болуп кала берерине ишендирди.

Ошондой эле Мамлекет башчысы Токтогул районунун бал азыктарынын көргөзмөсүн көрүп чыкты. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен болгон баарлашуусунда ал ата мекендик продукция өзүнүн сапаты жана экологиялык тазалыгы менен чет өлкөлүк рыноктордо атаандаштык түзө алат деп баса белгиледи.

Поделиться новостью: