КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:02 | 24 чын куран

Жээнбеков «Атамбаевсыз КСДП» кыймылына тиешеси жоктугун, Бабановдун маселеси боюнча кабарсыз экенин билдирди

Дата: 10:53, 19-12-2018.

Бишкек. 19 - декабрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Президент Сооронбай Жээнбеков партиядагы бөлүнүп жарылууга жана «Атамбаевсыз КСДП» деген кыймылга тиешеси жок экенин билдирди.

««Атамбаевсыз КСДП» деген кыймылга эч кандай тиешем жок. Бирок белгилеп келитишим керек. Партияга көчөдөн келген эмесмин, КСДПнын негизги таянычы болуп келгем. Учурда партиянын ичиндеги кырдаал мени өтө тынчыздандырып жатат. Күнөөнү Жээнбековдордон издей бербей башка тараптарды да караш керек да. Мен президенттик кызматка киришкенден кийин эле партиянын курамынан чыкканмын», - деди С. Жээнбеков

Өлкө башчы Өмүрбек Бабанов тууралуу айтылып жаткан сөздөрдөн кабарсыз экенин билдирди.

«Өмүрбек Бабановду акыркы жолу КТРКда дебатта көргөнмүн. Андан кийин көргөн жокмун, эч кандай маалыматым жок. Бабанов менен экс-президент ортосунда кандай сүйлөшүү болгонун да кабарым жок», - деп жооп узатты Жээнбеков.


•    
•    


Поделиться новостью: