Өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарда өрттүн алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө
Бишкек. 15 - июль. КирТАГ – Мамлекеттик өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарда өрттүн алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Өрт өчүрүү иш-чараларына өлкөнүн баардык аймактарынан 1 миңден ашык адам тартылган.
Эскерте кетсек, 2018-жылы жана 2019-жылдын биринчи жарымында жаратылыш парктарында жана коруктарда өрт чыгуу фактылары катталган эмес.