КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:15 | 14 жетинин айы

Өзбекстан менен чек аранын 92 пайызы аныкталган – Разаков

Дата: 15:17, 01-08-2019.

Бишкек. 1 - август. КирТАГ  -  Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо иштеринин 92 пайызы аяктады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков маалымат каражаттарына бүгүн билдирди.

Анын айтымында, чек ара сызыгынын 85 пайызы 2017-жылы макулдашылып, келишимге кол коюлган. Андан бери болжол менен дагы 8 пайыз макулдашылды.

«Бүгүнкү күндө макулдашылбаган 10го жакын аймак бар. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жер аянттарын айырбаштоону караган жокпуз», — деди Жеңиш Разаков.

Поделиться новостью: