Ысык-Көлдө жоголуп кеткен Израилдик турист табылды
Бишкек. 13 - сентябрь. КирТАГ - Мунара Боромбаева. Куткаруучулар Ысык-Көл облусунда адашып кеткен Израилдик туристти табышты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Башкармалыктын маалыматына караганда, издөө иш-чараларына ӨКМнин №7-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун 8 куткаруучусу тартылып, 2018-жылдын 13-сентябрында саат 09:05 туристи табышып,саат 14:44тө Жыргалаң айылына алып келишкен.
Жоголуп кеткен туристин абалы жакшы.