Ысык-Көлдө жоголгон казакстандык турист 3 күндөн бери изделүүдө
Бишкек. 16 – июль. КирТАГ – Ысык-Көл районунун аймагындагы Кара-Ой айылынын Кара-Көл эс алуучу жайында эс алып жүргөн Казакстан Республикасынын жараны 1966-жылы туулган М.А. аттуу эркек адам скутер айдап кетип дайынсыз жоголгон. Окуя 14-июль күнү болгон.
ӨКМдин басма соз кызматы билдиргендей 3 кундөн бери издөө иштери улантылууда.
Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 06:00дө КР ӨКМнен жалпы 81куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 32 адам тартылып моторлуу кайык менен издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Андан сырткары КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жеке менчик кемелердин элерине багыттоо берилип, азыркы учурда 12 даана кеме издөө иштерине көмөктөшүүдө. Кошумча маалымат берилет.